Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот

Эми бардык маанилүү документтерди смартфонуңузда сактап, талап боюнча көрсөтсөңүз болот. Анткени бул тиркемедеги электрондук документтер юридикалык күчкө ээ.

“Түндүк” мобилдик тиркемесинин жардамы менен сиз санариптик форматта төмөнкү документтерди көрсөтө аласыз:

  • Паспорт
  • Айдоочунун күбөлүгү
  • Каттоо жөнүндө күбөлүк.

Процесс жогорку коопсуздукка ээ жана алдамчылык аракеттерин жокко чыгарат, анткени бир жолку QR коддорду автоматтык түрдө түзөт.

Мисалы, сизди патрулдук полиция токтотсо, “Түндүк” мобилдик тиркемеде суралган документтерди көрсөтсөңүз болот.

Кызматты колдонуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасашыңыз керек:

1. ЦОНдо электрондук санариптик кол тамга алуу

2. “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу

3. Санарип кол тамгасы аркылуу мобилдик тиркемеге кирүү

4. Тиркемеде “санариптик документтер” бөлүмүнө өтүңүз

5. Документти тандап, бөлүшүңүз

6. Телефондун экранында пайда болгон ПИН жана кыска кодду көрсөтүңүз.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди

Нарында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди

Нарын облус жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда өткөн "Нарын бренд" комитетинин кезектеги жыйынында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилгенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды.  Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун жетекчиси Акихиса Харагучи, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин KG RESILAND

Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

"Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик-2020-2024" статистикалык басылмасы басууга даярдалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Басылма 2020–2024-жылдардагы Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерликтин абалы жана өнүгүүсү тууралуу кыскача талдоону камтыйт. Анда экономикалык ишмердиктин түрлөрү, аймактар боюнча статистикалык маалыматтар, иштеген ишканалар жана жумушчулардын саны, финансы-чарбалык жана тышкы экономикалык

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Бишкек жылуулук электр борборуна” барып, жылытуу мезгилиндеги даярдык жана иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өкмөт башчысы объекттин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн отун запасынын көлөмүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурган. Ага учурдагы көмүрдүн запасы жана аны толуктоо боюнча

Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Мындай билдирүүнү 31-телекананалдан кабарлады. Каналдын маалыматы боюнча, ата-энелер мектепте телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышы күтүлөт. Мындай тартип балдардын сабак учурунда окуусуна толук көңүл буруусун камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Адистердин айтымында, чалуулар жана билдирүүлөр көңүлдү алагды кылбаса, окуу көрсөткүчтөрү жакшырып, класстагы тартип күчөйт. Мугалимдеринин айтымында, ата-энелерге алдын ала мындай