Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту

Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 30-январда минкаб мүчөлөрүнө жана президенттик аппараттын бөлүм башчыларына мамлекеттик компаниялардын директорлор кеңештеринде же байкоочу кеңештеринде кызмат ээлөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун четке какты. Бул тууралуу Kaktus.media билдирет.

Басылманын маалыматына ылайык, долбоорду экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев алып чыкты.

«Тартип азырынча аныктала элек. Кээ биринде айлык акы төлөнөт, башкаларында өз ыктыяры менен иштешет. Алар мамлекеттик үлүшү бар бардык акционердик коомдорго директорлор составына кире алышат», – деп белгиледи министр.

Эл өкүлдөрүнө минкабдын мындай идеясы жаккан жок. Депутат Дастан Бекешев чиновниктер мамлекет үчүн эки кызматты чогуу алып кетеринен күмөн санады.

«Биздин министрлер компанияларда да кызматтарды ээлегендей ушунчалык убактысы көппү? Дайыма парламентте отуруш керек деп президентке өзүңүз арызданбадыңыз беле? Ал эми долбоордун өзү коррупцияга каршы мыйзамга каршы келбейби?» – деп мыйзам долбооруна каршы экенин баса белгилеп, Бекешев суроо менен кайрылды.

Амангелдиев долбоор коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамына каршы келбей турганын белгиледи.

Өз кезегинде депутат Марлен Маматалиев да долбоорго каршы пикирин билдирди. Ал «Манас» аэропортун мисалга келтирди.

«Министр аэропорттун директорлор кеңешине кирди дейли. Министр болуп туруп, эч нерсени оңдой албаса, ал жерде эмне кыла алат? Биз муну түшүнбөйбүз жана колдобойбуз. Мааниси жок иш”, – деди депутат.

«Бардык эле тармактык ишканаларда министрлер болбойт. Зарыл болгон өзүнчө приоритеттүү тармактар ​​бар. Бүгүнкү күндө директорлор кеңеши өз алдынча чечет, бирок каржы ресурстары мамлекеттен келип түшкөндүктөн, ага жараша мамлекеттик линия болушу керек», – деп министр Амангелдиев депутаттарга түшүндүрүүгө аракет кылды.

Мыйзам долбооруна Эмил Токтошев, Таалайбек Масабиров жана Эльвира Сурабалдиева да каршы чыгышты.

Сурабалдиеванын айтымында, Башкы прокуратура мыйзам долбоору боюнча корутундусун даярдаган, ага ылайык документ кызыкчылыктардын кагылышы гана эмес, коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамына да карама-каршы келет.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жалпы четке кагышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып