«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат
Алтынды өндүрүү, сатуу жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кумтөр кенине барышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Комиссия мүчөлөрү башкы карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын бөлүп чыгаруучу фабрикага барышты.
2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17.3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү пландалып жатат.