Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар - Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео)

Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар - Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео)

Нарын облусунда лыжа спортун өнүктүрүү боюнча биринчи кадамдар жасала баштады. Нарынга тажрыйбалуу лыжа тепкен Швейцариялык туристтер келип, аларды жергиликтүү гиддер коштоп жүрүшкөн.

Нарындагы туризм жаатында эмгектенген Бакыт Асакеевдин айтымында, Нарынга келген туристтерге Бишкектеги Nomads land туристтик компаниясы, Naryn nomad travel комнаниясы тейлөө кызматын көрсөтүшкөн.

“Биринчи жолу бийик тоого атайын лыжа менен чыгып, кайра ылдый түшүү (Freerider) Нарын тоолорунда чет элдиктер, биздин гиддер тарабынан ийгиликтүү аткарылды!

Чет элдиктерге, биздин гиддерге бул тоого 4 саатта чыгып, бир заматта ылдый түшүү процесси аябагандай жагымдуу, ийгиликтүү болуп, кубанычтары коюндарына батпай, жетине албай сүйүнүп жатышты. Биз дагы сүйүндүк, биздин максаттар ишке ашты.

Бул группанын бизге келиши – Нарын облусунда Эл Аралык багыттагы тоо лыжасын өнүктүрүү боюнча эң алдыңкы, чечкиндүү жана ийгиликтүү кадам болду. Келечекте чет элдиктер Кара-Кол, Жыргалаңга эле лыжа тепкени барбай, Нарынга дагы келе башташат. Демек, туризм аркылуу элдин жашоосу, экономикабыз өнүгө баштайт”, – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тергөө аныктагандай, 1996-жылы бала бакчанын жалпы аянты 533,3 чарчы метр жана 2 200 чарчы метр жер тилкесине ээ имараты "Нур-КМ" акционердик коомунун менчигине мыйзамсыз чыгарылган. Ал учурдагы Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын

Экономика министрлигинин коллегиясында 2026-жылга пландар талкууланды

Экономика министрлигинин коллегиясында 2026-жылга пландар талкууланды

Бугүн Экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда министрликтин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Жыйында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу жана министрликтин 2026-жылга

Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Рустам Мамасадыковду   Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотуп, аны  УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Р.Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы болгонго чейин УКМК төрагасы К. Ташиевдин биринчи орун басары болуп иштеген.

Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди

Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча үн катты. “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мындай чечимди президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алган. “Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр