Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде “Бишкексууканал” ишканасы каржылык жактан оор абалда экени белгиленген. Буга тарифтердин чыгымдарды жабууга жетишсиздиги, электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, инфляция, жабдуулардын эскириши жана аларды жаңылоого каражаттын жетишсиздиги, эмгек акынын аздыгынан кадрлардын сыртка кетиши себеп болгон.

Ошондуктан ичүүчү сууга төмөнкү тарифтерди белгилөө сунушталууда:

  • калк үчүн – 8.1 сомдон 10.4 сомго чейин (+29%)
  • бюджеттик мекемелер үчүн – 9.1 сомдон 12.9 сомго чейин (42.3%)
  • башка керектөөчүлөр үчүн – 13 сомдон 18.5 сомго чейин (42.3%).

Канализацияны пайдалануу үчүн төмөнкү тарифтер сунушталат:

  • калк үчүн – 2.3 сомдон 3.4 сомго чейин (+50%)
  • бюджеттик уюмдар үчүн – 3 сомдон 4.5 сомго чейин (+50%)
  • башка керектөөчүлөр үчүн – 6 сомдон 9 сомго чейин (+50%).

Мындан тышкары окуңуз

АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга энергетика тармагында Россияга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн 9 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция убада кылды. Вашингтон бул кадамды стратегиялык чечим жана Түштүк Кавказда өз позициясын бекемдөө аракети катары карап жатат деп жазат Bloomberg. АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Ереван менен жарандык өзөктүк кызматташтык боюнча келишимге кол койду. Бул

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча" паркында узундугу 1000 метр болгон аркан жол долбоорунун биринчи этабы бүткөнүн Президенттик администрациянын Башкаруу бөлүмү билдирди. "Ала-Арча" альплагери деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Эми канат жол аркылуу бийиктиги 2400 метрге жеткен жерге чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Жол 16 кабинка менен жабдылган: 14ү 10 кишиге ылайыкташтырылган,

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкек шаарындагы "Красный Строитель" конушунда жайгашкан №67 Баластан бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Салтанаттуу аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэриянын өкүлдөрү

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым Банк" ААКын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечим 2026-жылдын 30-январында № 39 токтом менен бекитилип, өкмөттүк актыларды баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. Документке ылайык, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон деп таанылды. Бул пункт мурда "Кылым Банкка"