Быйыл 8.5 млн көчөт отургузуу пландалууда

Быйыл 8.5 млн көчөт отургузуу пландалууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин жыйынында учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы 8 млн көчөт отургузулган, 2023-жылы 8.5 млн, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9.5 млн даана көчөт отургузуу пландалууда.

«Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», – деди Кутманова.

Белгилей кетсек, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулган.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча" паркында узундугу 1000 метр болгон аркан жол долбоорунун биринчи этабы бүткөнүн Президенттик администрациянын Башкаруу бөлүмү билдирди. "Ала-Арча" альплагери деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Эми канат жол аркылуу бийиктиги 2400 метрге жеткен жерге чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Жол 16 кабинка менен жабдылган: 14ү 10 кишиге ылайыкташтырылган,

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкек шаарындагы "Красный Строитель" конушунда жайгашкан №67 Баластан бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Салтанаттуу аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэриянын өкүлдөрү

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым Банк" ААКын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечим 2026-жылдын 30-январында № 39 токтом менен бекитилип, өкмөттүк актыларды баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. Документке ылайык, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон деп таанылды. Бул пункт мурда "Кылым Банкка"

Ири суммада акча алдап кеткен жаран 5 жылдан кийин кармалды

Ири суммада акча алдап кеткен жаран 5 жылдан кийин кармалды

Бишкекте алдамчылык боюнча шектелип жаткан адам кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 2024-жылдын 17-октябрында борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2019-жылы ал таанышынан 60 миң доллар берген, ал таанышы банктык чек берем деп убадалаган. Бирок акырында ал алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси