Кыргызстан тажик авиакомпаниясына аба мейкиндигин ачты

Кыргызстан тажик авиакомпаниясына аба мейкиндигин ачты

Кыргызстан Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Дүйшөмбүдөн Үрүмчүгө жана Новосибирскке жүргүнчү каттамдары үчүн аба мейкиндигин ачты. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “Сомон Эйр” 2023-жылдын 8-февралынан 21-мартына чейинки аралыкта Душанбе – Үрүмчү – Душанбе, ошондой эле 5-февралда Душанбе – Новосибирск – Душанбе авиакаттамдары үчүн Кыргызстандан аба мейкиндигин берүүнү суранган.

Маалыматка таянсак, «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарын Боинг 737-800 жана Боинг 737-900 учактары аткарышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2021-жылдын май айында чек арадагы куралдуу кагылышуу болуп, анын кесепетинен 36 кыргызстандык каза болуп, анын ичинен эки жаш бала, 154 адам жаракат алгандан кийин тажик авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапкан. Ошол кезден тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына өлкө аймагына кирүү жана чыгуу, жүрүү жана транзиттик өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизген.

Ал эми 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аскердик кагылышуу учурунда Кыргызстандын 59 жараны каза болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып