Улуттук банк соцтармактар аркылуу банктын атынан келген билдирүүлөр жалган экенин эскертет

Улуттук банк соцтармактар аркылуу банктын атынан келген билдирүүлөр жалган экенин эскертет

Улуттук банк соцтармактар жана мессенджерлер аркылуу “Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгында каалагандар 20 миң сом өлчөмүндө сыйлык ала алат” – деген, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар активдешкенин билдирет.

Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме берүү менен билдирүүлөрдү жайылтуу аркылуу утушка ээ болуучу эч кандай сурамжылоо жүргүзгөн эмес жана жүргүзбөй тургандыгын белгиледи.

Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар”, – дейт регулятор.

Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз”, – дейт регулятор.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып