Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты

Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча диалог болуп, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашкан.

“Учурда Кыргызстандын 1500дөй айдоочусу визага муктаж. Ошондой эле Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтерди кабыл алууну дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

МИК келечекте айылдарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт

МИК келечекте айылдарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт

Келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания айыл жерлеринде да турак жай курууну баштарын Элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, учурда негизги курулуш иштери Ош жана Бишкек шаарларында жүргүзүлүүдө. Андан кийин 33 кичи шаарда, райондук борборлордо, ал эми кийинчерээк айылдарда курулуш башталат. "Айыл жерлеринде аймактын сейсмикалык өзгөчөлүгүнө жараша 3–5

29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Алтын-Ордо" конушундагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө

Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоо кызматтарын сатып алуу жана адистерди окутуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, бул максатка 6 миллион 791,9 миң сом бөлүү пландалган. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын кабыл алуу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-декабрына чейин. Долбоордун максаты — айыл

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдаганын айтты. Өлкө башчысынын айтымында, курултайга келген делегаттардын баары жакында өткөн шайлоого катышканын билдирип, кол көтөрүшкөн. "...Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө