Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр - Казакбаев

Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр - Казакбаев

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ал жака барган кыргызстандыктар консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандар менен түз байланыш жок экенин билдирди. Ошондой эле кыргызстандыктарды ал аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандары, достору жана тааныштары менен байланышууга чакырды.

Анын айтымында, консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлүп, анын алкагында ишеним телефондору иштеп жатат.

“Тилекке каршы, Түркияда жашаган КРнын көптөгөн жарандары Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы мекендештерибиздин саны боюнча так маалыматыбыз жок. Кахраманмараш, Газиантеп, Адана, Малатия, Хатай, Османие, Мерсин, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Килис сыяктуу эң катуу кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен түз байланышыбыз жок.

Ушуга байланыштуу жарандарыбыз менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Жабыркаган аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандарыңыз, досторуңуз жана тааныштарыңыз менен байланышыңыз жана жардам керек болгондордун байланыш маалыматтарын бизге бериңиздер”, – дейт Казакбаев.

Түркиядагы өкүлчүлүктөргө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

  • КРнын Түркиядагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507
  • КРнын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551
  • КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып