Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок - ТИМ

КРнын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, Адана шаарында 1984-жылы туулган КРнын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

"Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик-2020-2024" статистикалык басылмасы басууга даярдалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Басылма 2020–2024-жылдардагы Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерликтин абалы жана өнүгүүсү тууралуу кыскача талдоону камтыйт. Анда экономикалык ишмердиктин түрлөрү, аймактар боюнча статистикалык маалыматтар, иштеген ишканалар жана жумушчулардын саны, финансы-чарбалык жана тышкы экономикалык

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Бишкек жылуулук электр борборуна” барып, жылытуу мезгилиндеги даярдык жана иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өкмөт башчысы объекттин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн отун запасынын көлөмүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурган. Ага учурдагы көмүрдүн запасы жана аны толуктоо боюнча

Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Мындай билдирүүнү 31-телекананалдан кабарлады. Каналдын маалыматы боюнча, ата-энелер мектепте телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышы күтүлөт. Мындай тартип балдардын сабак учурунда окуусуна толук көңүл буруусун камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Адистердин айтымында, чалуулар жана билдирүүлөр көңүлдү алагды кылбаса, окуу көрсөткүчтөрү жакшырып, класстагы тартип күчөйт. Мугалимдеринин айтымында, ата-энелерге алдын ала мындай

Бишкекте 26 коомдук даараткана курулат — даректери аныкталды

Бишкекте 26 коомдук даараткана курулат — даректери аныкталды

Бишкек мэриясында шаардагы коомдук дааратканаларды өнүктүрүү жана модернизациялоо маселеси талкууланып, төрт район боюнча 26 жаңы санитардык жай курула турган жер аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясында өткөн кеңейтилген жыйында белгилүү болду. Төмөндө алардын даректери келтирилген: * Шопоков көчөсү, «Улитка» имаратынын жанында; * «Мадина» базары, 7-Апрель – Мамбетов көчөлөрү, көпүрөнүн астында; * Жибек Жолу проспектиси