Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат. Бирок Кыргызстан аны 2026-жылдан баштап, 2040-жылга чейин иштетет.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти Алмаз Барыктабасов заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3.5 млрд АКШ доллары деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17.3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32.1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30.1 млрд сом болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду. Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"