Минкаб Кытайдан Чүй каналы-2 долбоорунун курулушун жазында баштоону суранды

Минкаб Кытайдан Чүй каналы-2 долбоорунун курулушун жазында баштоону суранды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Төрөбаев Кытайдын элчисине КЭР тарабынан гранттык долбоорлордун негизинде көрсөтүлүп жаткан жардамга ыраазычылыгын билдирди.

“Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Курулуш мезгилинин башталышы менен 2023-жылдын жазында куруу иштерин баштоону суранабыз”, – деди Төрөбаев. 

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин – 219 млн 701 миң долларды түзгөн. 

Мындан тышкары окуңуз

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду. Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"