ЕЭК Кыргызстанга 2.5 миң тонна уй этин алымсыз ташып келүүгө уруксат берди
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстанга уй этин бажы алымысыз ташып келүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кеңештин чечими менен ири мүйүздүү малдын тоңдурулган этине (уйдун эти) карата 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 2.5 миң тоннадан ашык эмес көлөмдө эт продукциясын импорттук бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу каралган.
Бажы алымдарынан бошотуу үчүн импорттоочулар этти өнөр жайда кайра иштетүү үчүн – башкача айтканда, эт азыктарын өндүрүү үчүн ташылып келингендигин ырасташы керек.