"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Финансылык эмес активдердин жалпы баасы 43 млн 953 миң 570 сомду түзөт. Бул каражаттар "Автомобилист" ишканасынын кредитордук талаптарын канааттандыруунун негизинде түзүлгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу брюнча мамагенттигине мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу милдети жүктөлдү. Ал эми кадастр жана транспорт каражаттарын каттоо органдарына мыйзамга ылайык менчик укугун каттоо тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Министрлер кабинети 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Салык кодексинин жана ЕАЭБ келишимдеринин нормаларын колдонуу тартибин жөнгө салат. Документке ылайык, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган уюмдардын тизмесине эки муниципалдык ишкана — Бишкек ЖЭБи жана "Бишкек жылуулук тармактары" киргизилди. Мындан тышкары, токтомдун текстинде "коммуналдык&

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банк 2026-жылдын 31-мартына карата финансылык абалы тууралуу отчетун жарыялады. Документке ылайык, жөнгө салуучунун активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу кыйла өстү. Активдердин негизги бөлүгүн мурдагыдай эле монетардык алтын түзөт — 608,8 млрд сомдон ашык (бир жыл мурун 292,4 млрд сом болгон). Кассадагы, банктардагы жана

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Бишкек шаардык мериясынын Муниципиалдык инспекциясы баш калаадагы парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга карата чара көрдү. Бул тууралуу аталган инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков билдирди. Маалыматка таянсак, Муниципиалдык инспекция тарабынан  мыйзамсыз бамуздак саткандарга айып пул салынды. Анда инспекция көчөдө талаптарга ылайык келбеген балмуздак саткандарды текшерип, аларга айып пул салган.  “Кээ бир жарандар Бишкектеги

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 412 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигенен билдиришти. Алардын ичнен: 35 535 – Кыргыз тили тестине катталган; 28 993 – орус тилинде текстке катталган; Маалыматтарын тапшырбагандардын саны - 3 104; Толук эмес толтурулган билдирмелердин саны - 675; Жалпы республикалык тестке каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлгөн.