ЕРӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр

ЕРӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр

Кечээ, 8-февралда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азиядагы жана Монголиядагы инфраструктура боюнча директору Екатерина Мирошник баштаган өкүлдөрү менен жолукту.

Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушуунун жүрүшүндө ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле энергетика тармагындагы долбоорлор талкууланган.

Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

“Өз кезегинде Мирошник айым ЕРӨБ КРны суу менен камсыздоо, аз көмүртектүү транспорт жана башка инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүдө колдоого жана долбоордук документтерди, ошондой эле жашыл экономика тармагындагы бир катар долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жолугушууда жеке ишкерликти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле ЕРӨБ башкаруучуларынын жылдык жолугушуусун өткөрүү жана ага катышуу пландары талкууланды.


Кыргызстан ЕРӨБдөн жаңы насыя алат – 370 миң евросун консультанттар алыша

ЕРӨБ Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого 13.8 млн евро бөлөт — 8.8 млн евросу кредит

ЕРӨБ таштанды жайды курууга берген кредитти иштете албаганы үчүн Бишкек 252 миң евро комиссия төлөдү

Мындан тышкары окуңуз

Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын январь айында республика боюнча 62 курулуш объектисине техникалык корутундулар берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Берилген корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга

Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

9-февралда Евробиримдик (ЕБ) Россияга каршы санкцияларды кеңейтүүнү сунуштап, алардын курамына Россиянын мунайы өтүп жаткан Грузия менен Индонезиянын портторун киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле Россияга криптоактивдер тармагында кызмат көрсөтүп жаткандыгы үчүн санкциялык тизмеге Кыргызстандын эки банкы — «Керемет Банк» ААК жана «Капитал Банк» ААК кошуу каралган. Бул тууралуу эл аралык Reuters МАнен кабарлашты.

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук  техника лизингге берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук техника лизингге берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүп келет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

"Алгачкы шаар Айда жакынкы 10 жылдын ичинде пайда болушу мүмкүн. SpaceX бул максатты өзү үчүн эң артыкчылыктуу деп эсептейт" деп билдирди компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск. "SpaceX өз фокусун Айда өз алдынча өнүгүп кете ала турган шаар курууга бурду, анткени теориялык жактан биз бул максатка 10 жылдан аз