Казакстан күйүүчү майды экспорттоого тыюу салды

Казакстан күйүүчү майды экспорттоого тыюу салды

Казакстан күйүүчү майды бардык транспорттун түрлөрү менен экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Zakon.kz. Энергетика жана Экономика министрликтеринин биргелешкен буйруктарына шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын билдиришинче, тыюу расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет жана төрт айга, башкача айтканда, 2023-жылдын жай айына чейин күчүндө болот. Тыюу салууга талаа жумуштары маалында ички рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуу зарылчылыгы себеп болгон.

Чектөө бензинге, дизелдик отунга жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүнө (майлоочу майлардан, кошумчаларды тандоо боюнча илимий-изилдөө иштери үчүн авиациялык отундан жана башка бир катар беренелерден тышкары) тиешелүү.

Айдоочуларга багын толтуруп куюга жана канистрде 20 литрден ашпаган запас алууга уруксат берилет.

Энергетика министрлиги мындай кадамын чек ара аймактарында транзиттик унаалардын айдоочуларынын күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана ички тартыштыктан кооптонуу менен түшүндүрдү. Казакстанда бензиндин жана дизелдик отундун чекене баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн.


Казакстан чет элдиктер үчүн күйүүчү майды кымбаттатат – баасы 80 сомго чейин көтөрүлөт

Бишкекте бензин дээрлик 5 сомго арзандады — Монополияга каршы кызматы

Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер

Мындан тышкары окуңуз

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков өлкөнүн түштүк аймагына иш сапары менен барып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында 2026-жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана негизги милдеттер талкууланды. Тариэль Жаныбеков бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,