Кыргызстанда акыркы элүү жылда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти

Кыргызстанда акыркы элүү жылда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти

Кыргызстанда акыркы жарым кылымда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти, ал эми ушул кылымдын аягында илимпоздордун терс сценарийине ылайык, 80%га чейин жоготуу коркунучу бар. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Дубай шаарында өткөн 9-Дүйнөлүк өкмөттүк саммитинин алкагында (WGS) “Келечекке багытталган тездетүүчү жана шыктандыруучу диалогдор” панелдик сессиясында сүйлөгөн сөзүндө айтты. 

Жапаров ошондой эле бүгүн дүйнө эли өтө кейиштүү окуялар менен коштолгон климаттын өзгөрүшүн баштан кечирип жатканын, буга байланыштуу 21-кылымдын өкмөттөрү неоэкономикага өтүп жатышканын белгиледи.

“Мөңгүлөрдү сактоонун негизги факторлорунун бири – бул тоо токойлорунун аянтын көбөйтүү болуп саналат.

БУУнун Башкы Ассамблеясы резолюция кабыл алып, 2023-2027-жылдары “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган, анын алкагында Кыргызстан өзүнүн “Жашыл мурас” кампаниясын дүйнөнүн бардык тоолуу өлкөлөрүнө жайылтууну пландап жатат.

Кыргызстандын өкмөтү креативдүү экономиканы активдүү өнүктүрүүдө, ал дагы 21-кылымдын неоэкономикасынын түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Ошентип, жакынкы күндөрү креативдүү индустриялардын паркы түзүлөт, ал өз түрүндө уникалдуу болот, анткени ал креативдүү экономикалык ишмердүүлүктүн дээрлик 100 түрүнө салык салуунун эң ыңгайлуу шарттарын камсыз кылат”, – деди ал.

Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын “Адаттагыдай эле бизнес” сценарийи боюнча парник газдарынын эмиссиясынын деңгээлин 15.97%га жана эл аралык колдоонун алдында 43.62%га кыскартууну пландаштырып жатканын да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы