Менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан Билим берүү министрлигинине өтөт

Менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан Билим берүү министрлигинине өтөт

Бала бакча имараттары үч айдын ичинде профилин өзгөртүп, бала бакча болуп иштей баштабаса, Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтымында, бала бакчалар бала бакчадай иштеши керек.

«Буга чейин 169 бала бакча менчиктештирилип, учурда алар башка максатта колдонулуп жатат. Алардын ишмердүүлүгүн талдоо зарыл. Эгерде алар 3 айдын ичинде профилин өзгөртүп, бала бакча болуп иштей баштабаса, Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна өтөт. Бала бакчалар бала бакчадай иштеши керек. Учурда мамлекеттик мекемелер ээлеп турган жайлар бала бакчалар үчүн бошотулат», – деп белгиледи Жапаров.

Минкабдын башчысы белгилегендей, статистика боюнча республикада 7 жашка чейинки 1 млн 107 миңден ашык бала жашайт. Жалпысынан республика боюнча 1712 бала бакча бар, аларга 199 миңден ашык бала барат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.