Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. 

Анын айтымында, КР инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. 2023-жылдын башынан тартып керектөө баалары 2.8% өсүп (17-февралга карата абал боюнча), инфляция жылдык мааниде 15.9%түзгөн.

“Учурдагы инфляция жашылча, жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле инфляцияга мурда таасирин тийгизген факторлордун инфляцияга экинчи жолу таасирин тийгизүүсү улантып жаткандыгын көрсөтөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлүп туруусу, бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияны шарттаган факторлордон болууда”, – деп Карабаева белгиледи. 

Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө. Финансы-банк системасында туруктуулук сакталып турат. Банк системасы улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.