2022-жылы Бажыдан түшкөн кошумча кирешелер 345.8 млн сомго көбөйдү

2022-жылы Бажыдан түшкөн кошумча кирешелер 345.8 млн сомго көбөйдү

2022-жылы Бажыдан түшкөн кошумча кирешелер 345.8 млн сомго көбөйүп, 589.4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бажынын маалымат кызматы билдрди.

Ошондой эле мекеме 2022-жылы контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 3802 фактысы аныкталган.

Мисалга алсак:

  • дээрлик 3.5 миллион тамеки кармалды;
  • 25.7 тонна кальян тамекиси;
  • 22.4 тонна чайноочу тамекинин жана башка тамеки буюмдарынын компоненттери;
  • алкоголдук продукцияга 1 миллиондон ашык жасалма акциздик маркалар;
  • ошондой эле жалпы суммасы 73.5 млн сомдук зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү боюнча 11 фактыга бөгөт коюлган.

Жалпысынан:

  • 3547 кылмыш иши ачылган;
  • кылмыш белгилери боюнча кароого 255 материал киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле