Соцфонд январь айында инвестициялоодон 237 млн сом киреше тапты
Соцфонд 2023-жылдын январь айында пенсиондук фонддун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16-16.5% жылдык кирешелүүлүгү менен 550.5 млн сом инвестициялаган. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
- 2023-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 219.8 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 15.9 млн сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 1.1 млн сом.