Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

2026-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы расмий валюта курстарын жаңылады. Маалыматка ылайык, сомго карата негизги чет элдик валюталардын дээрлик бардыгы арзандады, ал эми АКШ доллары туруктуулугун сактап турат. АКШ долларынын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,45 сом деңгээлинде калды. Ошол эле учурда евро жана орус рублинин баасы төмөндөөнү улантты. Евро

Бишкекте медицинанын 20-юбилейлик көргөзмөсү MedExpo Kyrgyzstan 2026 өтөт

Бишкекте медицинанын 20-юбилейлик көргөзмөсү MedExpo Kyrgyzstan 2026 өтөт

2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 — медицина жана саламаттык сактоо тармагындагы 20 жылдык юбилейлик эл аралык адистештирилген көргөзмө өтөт. Бул иш-чара дарыгерлер, клиникалардын ээлери жана жетекчилери, дистрибьюторлор жана медициналык чечимдерди жеткирүүчүлөр үчүн негизги кесиптик окуялардын бири болуп саналат. Дене тарбия академиясынын Манежинде дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 90дон ашык

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады. Анын алкагында, Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди. Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү