Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди.

Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, экинчиси үй-бүлөгө ыңгайлуу жумуш чөйрөсүн түзүү. Кеңештин мүчөлөрү активдүү түрдө идеялар менен алмашып, бул артыкчылыктарды алга жылдыруунун конкреттүү жолдорун сунушташты.

Келечекте өнөктөштөр биргелешип 2026-2027-жылдарга Кеңештин иш планын, анын ичинде биргелешкен конкреттүү иш-аракеттерди иштеп чыгышмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, алгач Министрлер Кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Жети-Өгүз курортуна баруучу унаа жолдун жана Каракол – Барскоон унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда