«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды – УКМК

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды – УКМК

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызнефтегаздын» башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

«Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык «Кыргызнефтегаз» ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн», – деп мекеме белгиледи.

Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгилей кетчү нерсе, аталган Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу

2026-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы расмий валюта курстарын жаңылады. Маалыматка ылайык, сомго карата негизги чет элдик валюталардын дээрлик бардыгы арзандады, ал эми АКШ доллары туруктуулугун сактап турат. АКШ долларынын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,45 сом деңгээлинде калды. Ошол эле учурда евро жана орус рублинин баасы төмөндөөнү улантты. Евро

Бишкекте медицинанын 20-юбилейлик көргөзмөсү MedExpo Kyrgyzstan 2026 өтөт

Бишкекте медицинанын 20-юбилейлик көргөзмөсү MedExpo Kyrgyzstan 2026 өтөт

2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 — медицина жана саламаттык сактоо тармагындагы 20 жылдык юбилейлик эл аралык адистештирилген көргөзмө өтөт. Бул иш-чара дарыгерлер, клиникалардын ээлери жана жетекчилери, дистрибьюторлор жана медициналык чечимдерди жеткирүүчүлөр үчүн негизги кесиптик окуялардын бири болуп саналат. Дене тарбия академиясынын Манежинде дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 90дон ашык

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады. Анын алкагында, Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди. Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү