«Бишкек штамптоочу заводдун» пайдаланбаган мүлкү «Кыргызиндустрияга» 15 жылга берилди
Министрлер кабинети «Кыргызиндустрия» ААКа «Бишкек штамптоочу завод» мамишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу (15 жылдык мөөнөткө) акысыз пайдаланууга берилди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Бул чечим менен өкмөт токтоп турган ишканалардын ишин жакшыртып, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет деп күтүүдө.
Андан сырткары, кинистрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.