Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыкты кошумча эсептөө маселеси талкууланды. Ишкерлер негизги маселелердин бири катары мал сатып алуу наркын тастыктаган документтердин жоктугун белгилешкен. Мунун кесепетинен салык органдары киреше салыгын продукциянын толук сатуу суммасынан эсептеп, кошумча жүк жаратып жатканын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады. Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого алынды.

Салык кызматынын төрагасы ишкерлерди колдоо өлкө экономикасынын туруктуулугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, адилеттүү салык салуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу негизги багыт бойдон каларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

2-6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында жол жабылат

2-6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында жол жабылат

2–6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде

Ишкер Media
Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

2025-жылы Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттери өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмү 1 трлн 6,7 млрд сомду түздү. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 50,9%ына барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 27,2 миң чакан жана орто ишкана иштеген. Алардын

Ишкер Media
Жыл башынан бери Баткенде 8304 жумуш орду түзүлдү

Жыл башынан бери Баткенде 8304 жумуш орду түзүлдү

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында жалпы 8304 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуш орундары облуста ачылган ири, орто жана чакан ишканаларда, ошондой эле коомдук жумуштарда түзүлгөн. Мындан тышкары, облусту өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 10 долбоор ишке

Ишкер Media
Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Бүгүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Расмий сапардын алкагында эки

Ишкер Media