Кемпир-Абаддын жээгиндеги айылдарды колдоо үчүн 60 млн сом бөлүнгөн
Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануунун кесепеттерин жоюу фондуна 2023-жылга карата анын жээгинде жайгашкан 5 айылды каржылык жактан колдоо максатында 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Өзгөн районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Маалым болгондой, каражат түз эле райондук администрациянын эсебине которулуп, каражаттын сарпталышын көзөмөлдөө функциялары атайын түзүлгөн комиссияга жүктөлөт.
Депутат ошондой эле Жаман-Адыр айыл аймагын 1.4 миң гектардан ашык жерди сугарууну камсыздоо боюнча долбоорлоо жана изилдөө иштеринин башталышы тууралуу айтты.