Нарын облусунда инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору аныкталды

Нарын облусунда инвестициялык жана МЖӨ  долбоорлору аныкталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев жана МЖӨ борборунун директорунун орун басары У. Данилбеков Нарын облусу боюнча жумуш сапарынын алкагында артыкчылыктуу инвестицияларды жана МЖӨ долбоорлорун аныктоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Нарын облусун жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууларда Нарын облусунун инвестициялык потенциалын чыңдоо жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон тармактарды аныктоо маселелери талкууланды. Жумушчу топ Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунда болушту.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча күн энергиясы, бажы инфратүзүмү, ургалдуу багбанчылык, муниципалдык инфратүзүм жана башка секторлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлордун тизмеги аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап