Улуу Британияга Бишкекте виза борборун ачууну сунушталууда

Улуу Британияга Бишкекте виза борборун ачууну сунушталууда

2023-жылдын 13-мартынан 16-мартына чейин Улуу Британияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык иштер министрлиги Бишкекте Улуу Британияга виза берүү борборун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз делегациясынын өкүлдөрү бөлүнгөн эмгек квоталарын көбөйтүү зарылдыгын айтышып, ошондой эле Улуу Британияга Кыргызстандын жарандары үчүн британ визасын алууну жеңилдетүү үчүн Бишкекте өлкөнүн виза борборун ачуу маселесин карап көрүүнү сунушташты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандан жумушчуларды кабыл алуу, алардын сааттык эмгек акысынын шарттары жана чарбалардагы иштөө шарттары талкууланды. Британиянын иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү Улуу Британияда жумушчу күчүнүн жетишсиздигин, ошондой эле КР жарандарынын эмгекке болгон абийирдүү мамилесин белгилеп, Кыргызстанга квоталарды көбөйтүү пландары тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап