Жалал-Абад менен Сузакта жашыруун казино ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Жалал-Абад менен Сузакта жашыруун казино ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон.

Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды.

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

 Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.

Ошол эле учурда, облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап