Бакыт Төрөбаев: Жеңил өнөр жайды жогорулатуу үчүн ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү зарылдыгы бар
Министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана бул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Бакыт Төрөбаев өлкөдө жеңил өнөр жай – өнүгүп жаткан тармактардын катарына кирээрин белгилөө менен бул тармакты дагы жогорулатуу үчүн ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү зарылдыгын билдирди.
«Жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп жатат жана аны менен бирге айрым маселелер дагы бар. Ошол себептүү, түзмө-түз олтуруп маселени ортого коюп, аны чечүүнүн жолдорун карообуз зарыл. Эгерде жеңил өнөр жай тармагын кластердик система аркылуу өнүктүрө турган болсок, импорт менен экспорттун көлөмү жогорулайт, ири ишканалар түзүлөт жана жумуш орундарынын саны дагы көбөйөт», – деди ал.