Өкмөт тигүү тармагындагы ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды
Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана бул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынында ишкерлер тигүү ишканаларында жумушчулардын жетишсиздиги курч экенин билдирди.
Алардын айтымында, сыртта жүргөн мигранттардын көпчүлүгү үй алуу үчүн иштейт. Ошол себептүү ишкерлер, жумушчулар жана курулуш компаниялары кирген үч тараптуу келишим түзүүгө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдоо болсо деген ойлорун айтты.