Кыргызстанда жазгы ным топтоо сугаттары башталды
2023-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жазгы ным топтоо сугаттары башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 22-мартына карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына менен планда 246.7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 28.9 миң гектар аянт сугарылып, план 12% аткарылган. Анын ичинен дан эгиндери – 2.5 миң га, көп жылдык чөп – 9.7 миң га, мөмө-жемиш бактары – 9.6 миң га, башка өсүмдүктөр – 7.1 миң га аянты сугарылган.
2023-жылдын 22-мартына карата түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 211 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 145 гидротехникалык курулмалардын, 44 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 3 суткалык жөнгө салуучу бассейндерин тазалоо, 24 насостук станциялардын, 22 насостук агрегаттардын оӊдоо иштери жүргүзүлдү.