Минкабдын пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын куруусу кирет
Министрлер кабинетинин пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын курулушу кирет. Бул тууралуу өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана бул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынында министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ошондой эле «Кыргызстанда жасалган» деген брендди бекемдөө максатында, 2023-жылга минкаб продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү, белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн, Кыргызстандын аймагында алардын өндүрүшүн жайгаштыруу жана продукцияны сапатын текшерүү үчүн лабораторияны ишке киргизүү сыяктуу иштер аткарылаары пландалган.