Орозо-2023 календары MEGA24 тиркемесинде

Орозо-2023 календары MEGA24 тиркемесинде

Бардык абоненттерге ыңгайлуу болуусу үчүн ыйык Орозо айына карата MEGA компаниясы MEGA24 тиркемесинде салтка айланып калган акысыз сервис – Орозо-2023 календарын ишке киргизди.

MEGA24 тиркемесинде төмөнкүдөй актуалдуу маалыматтар жеткиликтүү:

  • Кыргызстандын бардык аймактары үчүн ырааттама;
  • ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын көзөмөлдөөчү ыңгайлуу таймер;
  • ооз ачуу/бекитүү алдында окулуучу дубанын тексти;
  • ооз ачуу/бекитүү алдында эскертип туруучу эскертмени жөндөп алуу мүмкүнчүлүгү.

Сервис менен MEGA24 тиркемесиндеги (Google Play жана App Store’дон жүктөп же жаңылоого мүмкүн) «Портал» бөлүмүнөн  2023-жылдын 22-мартынан баштап колдонууга болот.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт. Жалпы кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана бейпилдик каалайбыз. Тилеген тилектер кабыл болуп, ар бир үй-бүлөгө биримдик жана бардар жашоо алып келсин.

MEGA – мыктыны тандоо!

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап