Коммерциялык банктар уставдык капиталын 1 млрд сомго жеткирүүгө милдеттүү

Коммерциялык банктар уставдык капиталын 1 млрд сомго жеткирүүгө милдеттүү

Улуттук банк «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтында билдирди.

Токтомдо жаңы түзүлгөн коммерциялык банктардын уставдык капиталы 1 млрд сомдон кем эмес болушу керектиги белгиленген. Бул талап чет элдик банктардын жаңы филиалдарына да тиешелүү.

КРда буга чейин иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн жөнгө салуучу 2026-жылга чейин минималдуу уставдык капиталды 1 млрд сомго чейин акырындык менен көбөйтүү талабын киргизет.

Мында банктардын капиталын көбөйтүүнүн төмөнкү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн:

  • 2023-жылдын 1-апрелине чейин – 600 млн сом;
  • 2024-жылдын 1-июлуна чейин – 800 млн сом;
  • 2026-жылдын 1-июлуна чейин – 1 млрд.

Капиталдын минималдуу талаптары системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар, анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдары үчүн өзүнчө белгиленет. Алар 2023-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын кеминде 2 миллиард сомго чейин көбөйтүүсү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларус, Казактан жана Кыргызстанга накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салган жарлык чыгарды. Ага ылайык, 1-апрелден тартып жарандарга 100 миң доллардан ашуун накталай акча алып чыгууга тыюу салынат. Жеке ишкерлер жана ишканалар үчүн тыюу акчанын суммасынан көз карандысыз иштейт. Эл аралык аэропорттордогу өткөрүү

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга макулдук берди. АКШ менен Коста-Риканын бийликтери башка өлкөлөрдөн депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшту. Коста-Риканын президентинин администрациясы билдиргендей, өлкө жума сайын 25ке чейин мигрантты кабыл ала алат деп Reuters агенттиги кабарлады. Келишимге ылайык, Вашингтон финансылык жактан колдойт, ал эми Эл

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда. Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагындагы ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо улантылып жатканын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Биринчи" радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, каржылоо эки мамлекеттик банк аркылуу берилип жатат жана бөлүнгөн жалпы сумма 1 млрд сомго жакындап калды. Министр белгилегендей, насыялардын негизги алуучулары мыйзам чегинде иштеген компаниялар. Документтердин