Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда.

Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөрдүн катышуусунда тестирленүүдө. Тестирлөөнүн жүрүшүндө препараттарды каттоо жана электрондук эсепке алуу процесстери текшерилип жатат.

Ошондой эле маалыматтардын тактыгына, колдонуучуга ыңгайлуулугуна жана бардык жол-жоболордун ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

11-сентябрда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен болду. Анын жүрүшүндө министрдин орун басары мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеменин

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119