Сугат иштерине 1 млрд куб метрден ашуун суу сарпталды – Аскарбек Жаныбеков
Кыргызстанда Сугат иштерине 1 млрд куб метрден ашуун суу сарпталды. Бул тууралуу өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Министр 616 миң жер санарипке өтүп, ар бир облустук администрацияга электрондук түрдө өткөрүлүп берилгенин маалымдады.
«Сугат иштерине 1 млрд куб метрден ашуун суу сарпталды. Сугат каналдарын тазалоого күчтү мобилизациялоо 2022-жылы дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечүүгө жардам берди. Бул боюнча быйыл дагы иш улантылат», – деп белгиледи Айыл чарба министри.