Токмокто 11 тонна контрабандалык күйүүчү-майлоочу майлар табылды
Токмокто күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаадан контрабандалык 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Такталгандай, КММ Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаада сакталган. Алар Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.
Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.