Толкунбек Абдыгулов ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызматынан бошотулду

Толкунбек Абдыгулов ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров Толкунбек Абдыгуловду ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотту.

Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Эске салсак, Абдыгулов 2021-жылдын күзүнөн бери ЭВФда кеңешчи болуп иштеп келген. Ага чейин Кыргызстандын Улуттук банкын жетектеген. 2017-жылы өкмөттө бир канча убакыт вице-премьер-министр болуп иштеген.

Мындан тышкары окуңуз

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиядан ЕАЭБге накталай акча, алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынды

Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларус, Казактан жана Кыргызстанга накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салган жарлык чыгарды. Ага ылайык, 1-апрелден тартып жарандарга 100 миң доллардан ашуун накталай акча алып чыгууга тыюу салынат. Жеке ишкерлер жана ишканалар үчүн тыюу акчанын суммасынан көз карандысыз иштейт. Эл аралык аэропорттордогу өткөрүү

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга макулдук берди. АКШ менен Коста-Риканын бийликтери башка өлкөлөрдөн депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшту. Коста-Риканын президентинин администрациясы билдиргендей, өлкө жума сайын 25ке чейин мигрантты кабыл ала алат деп Reuters агенттиги кабарлады. Келишимге ылайык, Вашингтон финансылык жактан колдойт, ал эми Эл

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда. Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагындагы ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо улантылып жатканын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Биринчи" радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, каржылоо эки мамлекеттик банк аркылуу берилип жатат жана бөлүнгөн жалпы сумма 1 млрд сомго жакындап калды. Министр белгилегендей, насыялардын негизги алуучулары мыйзам чегинде иштеген компаниялар. Документтердин