ЭТТК киргизүү менен бухгалтерлердин кызматы 10 миңден 55 миң сомго чейин кымбаттады
Электрондук товардык-транспорттук коштомо ишке кириши менен бухгалтердик кызматтын баасы 10 миң сомдон 55 миң сомго чейин кымбаттады. Буга тууралуу Economist уюштурган «ЭТТК деген эмне жана бул система боюнча ишти кантип баштоо керек? Салык кызматынын жооптору» деп аталган жолугушууда ишкерлер билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер ЭТТК колдонууда нааразычылыктарын жана ыңгайсыздыктарын билдиришти. Ишкерлер эсеп-фактураларды киргизүү менен бухгалтердик кызматтын баасы 10 миң сомдон 55 миң сомго чейин кымбаттаганын айтышты.
Салыктын өкүлдөрү кызматты жакшыртуу боюнча маселелерди кароого убада беришти.