Кыргызстан менен Жаңы Зеландия халал индустриясын өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Жаңы Зеландия халал индустриясын өнүктүрүүгө кызыкдар

КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Жаңы Зеландиянын КРдагы элчиси Сара Мэри Уолш менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбековдун  жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын болгон потенциалын аныктоо жана ишке ашыруу, атап айтканда, тажрыйба алмашуу аркылуу халал индустриясы тармагында ишкердик байланыштарды түзүү боюнча күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Маектешкендер адал этти кайра иштетүү тармагынын кирешелүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында илимий-изилдөө иштерине инвестиция салуу маселелерине токтолушту.

Белгилей кетсек, адал эт Жаңы Зеландиянын экспорттогон продукцияларынын тизмесинде негизги орундардын бирин ээлейт. Бүгүнкү күндө исламдын нормаларына туура келген бардык эттер дүйнөнүн 108ден ашуун өлкөсүнө экспорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу макулдук алуу боюнча документ жөнөттү. Аталган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүү каралууда. Документте Бишкек шаардык кеңеши аянты 50,8052 гектар болгон, идентификациялык коду 1-04-12-0032-0375, Бишкек шаары,

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты. Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет. "Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып