Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү

Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү

Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилиги билдирди.

Такталгандай, КР Венгриядагы элчилиги, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 18-апрелинде Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму уюштурулду.

Бул иш-чарага КР 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриядагы 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына КР Венгрияда ишке орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү эске алуу менен кыргызстандыктардын Венгрияда ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби кеңири түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсү, 269 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Аталган кайрылуунун негизинде министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинде “Курулуштагы эмгекти

Аалы Токомбаев көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылат

Аалы Токомбаев көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетсек, бул аралыкта жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт. Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу

"КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди

"КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) ААК компаниясынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-мартынан тарта "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги" мекемеси компаниянын 81 млн 596 миң 189 даана жөнөкөй акциясынын ээси болуп калды. Бул аталган компаниянын уставдык капиталындагы 0,18% үлүштү

Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкек шаарында коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирет. Күн сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эрежени бузган жарандарга карата 10дон 20га чейин протокол түзүлүүдө. Билетсиз жүргөндөр үчүн 1000 сом айып пул каралган. Транспорт департаменти жол киренин баасы 20 сом экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аны өз убагында