Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкек шаарында коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирет.

Күн сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эрежени бузган жарандарга карата 10дон 20га чейин протокол түзүлүүдө. Билетсиз жүргөндөр үчүн 1000 сом айып пул каралган.

Транспорт департаменти жол киренин баасы 20 сом экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аны өз убагында төлөөгө жана сөзсүз түрдө билет (талоон) алууга чакырат.

Ошондой эле айдоочуларга токтоочу жайларды негизсиз ээлебөө жана коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоо сунушталат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти