2023-жылда энергетика секторуна 31.1 мрд сом каралган – Финансы министрилиги

2023-жылы энергетика тармагын каржылоого 31.1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.
Такталгандай, каражаттардын ичинен бюджеттик каражаттар – 21.9 млрд сом, атайын эсептин каражаттары – 26.4 млрд сом жана мамлекеттик инвестициялар 9.1 млрд сом.
Ошондой эде «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1.5 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 800.9 млн сом (51%) бөлүндү.