Бишкек кореялык Куми менен кызматташууга кызыкдар

Шаардык муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Куми шаарынын мэри Ким Чжан Хо менен жолугушту. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар турмушун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.
Эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында Бишкек жана Куми шаарларынын ортосунда достук алмашуу келишимине кол коюлду.