«Альянс Алтын» жыл сайын Талас облусуна 150 млн сом бөлүп келет

«Альянс Алтын» жыл сайын Талас облусуна 150 млн сом бөлүп келет

«Альянс Алтын» ЖЧКсы жыл сайын «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна 150 млн сом бөлүп берет, андан түшкөн каражат Талас облусун өнүктүрүүсүнө кетет. Бул тууралуу Economist.kgге «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен Эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган IBC TradEx 2023 форумунун алкагында кен казуучу компаниянын курулуш долбоорунун жетекчиси Чыңгыз Баканов билдирди.

«Альянс Алтындын» демөөрчүлүгү менен Таласта кант жана кыш заводун ишке киргизди. Ошондой эле, учурда фонд тарабынан облустагы тигүү цехи жана башка бир катар долбоорлор каржыланууда.

Белгилей кетсек, мындан эки жыл мурун «Альянс Алтын» ЖЧКсынын салыктык кирешеси Талас районун дотациядан алып чыккан. Ошондон бери облус өлкөнүн бардык облустары жана шаарлары арасында салык чогултуу боюнча 4-орунга көтөрүлдү. Ага чейин ал бул тизмеде акыркы орундарды ээлеген.

Мындан тышкары окуңуз

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага