Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с).

Диаграммага ылайык, Борбор Азия боюнча жалпы суроо-талап 2030-жылга карата 368 млрд кВт·с жетет. Өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот:

  • Казакстан — 151,2 млрд кВт·с;
  • Өзбекстан — 130 млрд кВт·с;
  • Түркмөнстан — 35 млрд кВт·с;
  • Тажикстан — 30 млрд кВт·с;
  • Кыргызстан — 21,6 млрд кВт·с.

Аналитиктин айтымында, акыркы он жыл ичинде (2014–2024) аймакта электр энергиясын керектөө жыл сайын орточо 3,2%га өсүп келген.

"Аймак төмөн деңгээлден баштап, активдүү экономикалык өнүгүүдө. Бул, албетте, электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен коштолот. 2030-жылга чейин бул өсүш 5%дан жогору болот", — деди ал.

Анын айтымында, негизги өсүү факторлору төмөнкүлөр болот: өнөр жайдын өнүгүшү, калктын көбөйүшү, шаарлашуу, санариптешүү, ошондой эле мурда анча болбогон жаңы энергияны көп керектеген тармактар — дата-борборлор, криптомайнинг жана электр транспорту.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media