Кыргызстанда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү сунушталды

Кыргызстанда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү сунушталды

КРда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү боюнча БУУ өнүктүрүү программасы БИОФИН долбоорунун миссиясы менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 25-апрелинде КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КРда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү боюнча БУУ өнүктүрүү программасы БИОФИН долбоорунун миссиясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун максаты түзүлүп жаткан Трасттык фонддун алдын ала концепциясы менен таанышуу болду. Отурумдун жыйынтыгында Татиков БУУнун өнүктүрүү программасы эксперттерине КР боюнча Фонддун уюштуруу структурасынын жана башкаруунун долбоорун даярдоону сунуштады.

Трасттык фондду түзүү идеясы демөөрчүлөрдүн, климаттык фонддордун жана донорлордун каражаттарын, анын ичинде КРнын мамлекеттик тышкы карызын алмашуу боюнча каражаттарды  экологиялык долбоорлорго багыттоо болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага